Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди
21-Май 2019, Шейшемби, 11:02

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде кайталанып жаткан жоболорду жокко чыгаруу жана КРнын Жарандык процесстик кодексиндеги «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамга шилтемелерди туура колдонуу максатында иштелип чыкты.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 11-апрелде кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!