Добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге жоопкерчиликти күчөтүү сунушталды

Добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге жоопкерчиликти күчөтүү сунушталды
23-Май 2019, Бейшемби, 15:35

Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеӊеш жыйынында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясынын алкагында депутатар тобу тарабынан иштелип чыккан конституциялык мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулоо улантылды.

Жогорку Кенштин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, талкууда депутат Умбеталы Кыдыралиев чет өлкөлөрдө мекендештердин шайлоого катышуусун камсыздоо максатында алар көп жашаган шаарларга консулдуктарды ачуу керектигин белгиледи.

Депутат Руслан Казакбаевдин айтымында, шайлоолордо эл аралык, жергиликтүү байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү канчалык көп болсо, шайлоонун ачык-айкындуулугу, таза өтүшү ошончолук жакшы болоорун айтып, демилгечилерди мыйзам долбоорунда бул жагдайды эске алууга чакырды. Ошондой эле эл өкүлү шайлоочулардын тизмеси добуш берүүгө бир ай калганда өзгөрбөшү керектигин белгиледи.

Депутат Төрөбай Зулпукаров шайлоолордогу добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуш кылды. Мындан сырткары, Зулпукаров гендер түшүнүгүнүн башка дагы түрлөрү бар экенин чечмелеп, мыйзамдарга аял менен эрекектин теӊ укуктуулугу деген так, даана, жөнөкөй терминди пайдалануу керек деген пикирин ортого салды.

Сунушталган мыйзам долбоорлоруна карата депутат Бакыт Төрөбаев долбоорлордо олуттуу өзгөртүүлөр дээрлик жок, киргизилген түзөтүүлөр техникалык мүнөзгө гана ээ деп баа берди. Төрөбаев аталган мыйзам долбоорунун демилгечилерине башка депутаттар тарабынан иштелип чыккан альтернативдүү долбоорлорду дагы карап чыгып, андагы олуттуу түзөтүүлөрдү эске алууга чакырды.

Жыйынтыгында аталган бир пакет менен киргизилген мыйзам долбоорлору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “КР референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоору, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору, “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору, “КР айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору бир пакет менен талкууга сунушталган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө  өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Бишкекте
Бишкекте "Тенгри" аттуу ачык асман алдындагы музыкалык иш-чара өтөт
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты