Жээнбеков:"Биздин өлкөдө прессага мамиле өзгөчө – ага ишенишет"

Жээнбеков:
24-Май 2019, Жума, 12:20

«ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы маалыматтык күн тартибин түзүүдө ЖМКлар катализатор боло алат», - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда, Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдүн Медиафорумунун ачылышында.

"Сиздерге белгилүү болгондой, ШКУ уюмунун башкы милдеттеринин бири – бул өлкөлөр жана элдердин ортосундагы ишеним жана бири-бирин сыйлоо маанайын жаратуу. Бул милдетти ишке ашырууда абдан чоң роль массалык маалымат каражаттарына тиешелүү. ЖМКлар ачык диалог түзүүгө, биздин коомдор ортосунда бири-бирин түшүнүүгө көмөктөшөт. Сөз иш жүзүнө ашуу касиетине ээ. Сөз дайым курч курал болгон: сөз адамды жок кылат жана сөз жаратуучу боло алат. Мен бардыгыңыздарды сиздердин улуу миссияңарды жогору чындык жана чоң жоопкерчилик менен алып барууңуздарды чакырам",- деди Жээнбеков.




"Бүгүн биз сиздер менен бул медиафорумду өткөрүп жатабыз. Башкы иш-чара – ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Кеңеши үстүбүздөгү жылдын июнь айында өтөт. Кыргызстан дайым ар кайсы тармактарда, анын ичинде медиа тармагында дагы кызматташууга жана тажрыйба бөлүшүүгө даяр. Биз эки тараптуу да, көп тараптуу да форматтарда өз ара аракеттенишүү жана тажрыйба бөлүшүүнү көздөйбүз. Биз Бишкек медиафоруму бүт ШКУ аймагында медиакызматташуунун жаңы доорун ачуусун каалайбыз.

Бизде мамлекеттик да, көз карандысыз да ЖМКлардын күчтүү институту түзүлдү. Биздин өлкөдө прессага мамиле өзгөчө – ага ишенишет жана ага кулак салышат. Анткени сөз эркиндиги жана журналисттин позициясынын көз карандысыздыгы – биздин коомдун көптөн бери кармаган салты болуп калган. Пресса бизде жарандык коомдун жарчысы болуп, коомдук маанайды аныктап турат. Жарандар жана мамлекеттик бийликтин ортосундагы диалогдун ортомчусу болуп саналат. Бизде журналисттердин аркасы менен бардык кабыл алынуучу чечимдер коомчулукка дароо маалым болуп турат. Эртели-кеч өлкөдө болуп жаткандын баарын адамдар ЖМКлар аркылуу билип турушат. Ошондуктан бизде ЖМК үчүн жабык тема жок десек болот",- деп кошумчалады мамлекет башчысы.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Сот-укуктук реформаны ишке ашырууга катышкан маморгандардын жолугушуусу болду
Сот-укуктук реформаны ишке ашырууга катышкан маморгандардын жолугушуусу болду
Кыргызстанга акча которуунун саны дээрлик азайды
Кыргызстанга акча которуунун саны дээрлик азайды
 Назира Айтбекова: “Күлсөм, жарыла күлөм”
Назира Айтбекова: “Күлсөм, жарыла күлөм”
Алты жаштагы бала өлгөн энесинин жанында 5 күн ачка отурган
Алты жаштагы бала өлгөн энесинин жанында 5 күн ачка отурган
Шаршеев: Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу пикирге келдик
Шаршеев: Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу пикирге келдик
Беттин терисин тартылыштыруучу кытай маскасы
Беттин терисин тартылыштыруучу кытай маскасы
Бишкекте гараж, магазин, контейнерлер күйүп кетти
Бишкекте гараж, магазин, контейнерлер күйүп кетти
Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында финалга чыкты
Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында финалга чыкты
Мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү тартипке келтирилет
Мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү тартипке келтирилет
​Килиан Мбаппе 275 миллион еврого “Реалга” өтөт
​Килиан Мбаппе 275 миллион еврого “Реалга” өтөт
20-сентябрь: абанын температурасы +32 градус болот
20-сентябрь: абанын температурасы +32 градус болот
12 жаштагы жоголгон бала 3 күндөн кийин табылды
12 жаштагы жоголгон бала 3 күндөн кийин табылды
​Футбол учурунда стадиондо өрт чыкты (видео)
​Футбол учурунда стадиондо өрт чыкты (видео)
Сүйүнбай Жанибеков турмуш тууралуу ырдап чыкты (видео)
Сүйүнбай Жанибеков турмуш тууралуу ырдап чыкты (видео)
Табышмактуу оору кичинекей кыздын боюн өстүрбөй койгон
Табышмактуу оору кичинекей кыздын боюн өстүрбөй койгон
Иранга карата санкциялар 48 саатта белгилүү болот
Иранга карата санкциялар 48 саатта белгилүү болот