Бишкекте жаңы таштанды полигону курула баштады (видео)

Бишкекте жаңы таштанды полигону курула баштады (видео)
24-Май 2019, Жума, 17:22

Бүгүн, 24-майда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын вице-президенти Алан Пило менен “Жашыл шаар” программасын ишке ашыруу боюнча меморандумуна кол коюшту.

Меморандумдун максаты – экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жана шаардын инфракструктурасын жакшыртуу болуп саналат.

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын вице-президенти Алан Пило меморандумга кол коюп жатып, бөлүнгөн акчалар сарамжалдуу сарпталышы керектигин белгиледи:

"Биз маанилүү меморандумга кол койгону келдик. Сиздер билесиздер, шаарды жашылдандыруу үчүн акча каражаты керек. Эң маанилүүсү – каражат туура пайдаланылышы зарыл. Биздин кызматташтык көп жылдан бери уланып келет. Алгачкы келишимге 2009-жылы кол коюлган".

Өз кезегинде калаа башчысы Азиз Суракматов бардык жасалып иштер ачык боло тургандыгын айтып өттү:

"Бардык процедураларды ачык өткөрүп жатабыз. Шаардагы канализацияларды оңдоонун экинчи фазасы башталды. Таштанды жайды курууга 22 млн сом каражат бөлүндү. Дагы көптөгөн кызыктуу долбоорлор бар. Транспорт, экологиялык маселелерди чечип жатабыз".

Мэрия 2017-жылы жаңы таштанды полигонун куруу үчүн “Эхитусфирма Ранд и Туулберг” (“Ehitusfirma Rand Ja Tuulberd AS”) компаниясы менен келишим түзгөн. Ага ылайык, мурунку таштанды полигону жабылып, рекультивация иши жүрүшү керек. Жаңы полигондун аянты 30 гектарды түзөт. Анын өзгөчөлүгү чуңкур жерге казылып, суу өткөрбөөчү каптама менен тосулат. Жаан-чачындын суусун соруп ала турган инженердик курулма да каралган.

Таштанды талаасынын азыркы абалы


Ушул жерден айта кетели, жаңы полигонду куруу боюнча алгачкы кадамдар 2013-жылы эле башталган. Тагыраагы, кыргыз тарап Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы менен кредиттик жана гранттык келишимге кол коюшат. Бул долбоордун жалпы баасы 22 млн евро. Каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы 11 миллионун грант катары, ал эми калганын 20 жылга 2% менен насыя катары берген.

Бирок мэрияга караштуу “Бишкек санитардык полигон” жана “Тазалык” ишканасынын жетекчилеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам долбоор үзгүлтүккө учуроо коркунучуна кептелген. Тагыраагы, долбоор боюнча каражатты сомдон еврого, евродон сомго конверсиялашып, жарым млн. сомдон ашык зыян келтирилирген. Башкы прокуратура мэриянын кызмат адамдарына “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси” менен кылмыш ишин козгогон.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улук инспектору Адисбек Жуматаев калаада жайгашкан таштанды полигону талапка таптакыр жооп бербей тургандыгын билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда таштанды полигону шаар тургундарын уулуу зат менен уулап жатат:

– Таштанды полигону илгери эле салынган. Таштанды полигону калктуу конуштан жок дегенде бир чакырым алыстыкта жайгашышы керек эле. Ошондуктан азыр полигонду эч кандай стандартка жооп бербейт деп айтсак туура болот. Анткени, полигонго төгүлүп жаткан таштандынын астында саркынды сууларды, газды соруп кете турган түтүктөр коюлушу керек эле. Анын баары жок. Азыр газ өзү күйүп жатат. Өрт өчүргүчтөр дагы барып өчүрүшкөн. Өчүрүп кеткендени кийин эле кайра астынан күйүп чыгып жатат. Тегеректеги жашоочуларга өтө эле зыяны тийип жатат. Диоксид, аммиак, оксид сыяктуу зыяндуу заттар чыгат. Адамдардын рак клеткаларын пайда кылат. Ошон үчүн желим идиштерди, бөтөлкөлөрдү өрттөгөн болбойт.

Азыркы тапта таштанды полигонуна күнүнө 600 тонна таштанды төгүлөт. Таштанды полигонунун аянты 27 гектардан ашат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бишкек-Москва каттамындагы поезддин иши жаңыртылды
Бишкек-Москва каттамындагы поезддин иши жаңыртылды
Атамбаевдин кол тийбестигине  байланыштуу  арыз Конституциялык палатага жиберилди
Атамбаевдин кол тийбестигине байланыштуу арыз Конституциялык палатага жиберилди
​Владимир Кличко өлүмдөн кайтты (видео)
​Владимир Кличко өлүмдөн кайтты (видео)
​Караколдо 1,5 тонна ашлям-фу даярдалып, бекер таратылат
​Караколдо 1,5 тонна ашлям-фу даярдалып, бекер таратылат
Кунары качкан жерлерге мөмө-жемиш бактарын тигүүгө уруксат берилүүдө
Кунары качкан жерлерге мөмө-жемиш бактарын тигүүгө уруксат берилүүдө
​Неймар “Барселона” менен макулдашты
​Неймар “Барселона” менен макулдашты
​Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторуна арналган фестиваль өтөт
​Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторуна арналган фестиваль өтөт
​Эл аралык Олимпиада комитети 3 млрд долларга келишим түздү
​Эл аралык Олимпиада комитети 3 млрд долларга келишим түздү
Президент: Кыргызстан Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даяр
Президент: Кыргызстан Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даяр
Чолпон Талипбек жаңы ырына клип тартты
Чолпон Талипбек жаңы ырына клип тартты
Асел Кадырбекова: Үй-бүлөдө атаандаштык болбош керек
Асел Кадырбекова: Үй-бүлөдө атаандаштык болбош керек
Айсулуу Молдалиева атактуу дизайнердин үлпөт көйнөгүн тандаган
Айсулуу Молдалиева атактуу дизайнердин үлпөт көйнөгүн тандаган
Юлия Руцкая “Аппак сүйүү” менен үй-бүлө кургандардын башын бириктирет
Юлия Руцкая “Аппак сүйүү” менен үй-бүлө кургандардын башын бириктирет
Асема Токтобекова жашоо тууралуу эмне дейт?
Асема Токтобекова жашоо тууралуу эмне дейт?
Фарида Карбосова: Бир үйдүн жарыгы бир үйгө күйбөйт
Фарида Карбосова: Бир үйдүн жарыгы бир үйгө күйбөйт
Мирбек Атабеков атасын эскерип, концерт уюштурду
Мирбек Атабеков атасын эскерип, концерт уюштурду