Белгилүү адамдардын ысымдарын ыйгарууга багытталган мыйзам каралды

Белгилүү адамдардын ысымдарын ыйгарууга багытталган мыйзам каралды
30-Май 2019, Бейшемби, 18:05

Бүгүн, 30-майда “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, демилгечилер – депутаттар Мирлан Бакиров, Кубанычбек Нурматов, Эмил Токтошев.

Демилгечилердин бири депутат Мирлан Бакировдун айтымында, айыл аймактары менен айылдарга мамлекеттин түзүлүшүнө жана калыптанышына түздөн-түз катышкан мамлекеттик ишмерлер менен өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон адамдардын гана ысымдары коюлат.

«Мындай критерийлер мыйзам долбоорунда камтылды», - дейт ал.

Ошону менен катар атын ыйгаруу маселесине байланышкан чыгымдар демилге көтөргөн тараптардан каржыланаары белгиленгендиги айтылды.

Талкууда депутат Кенжебек Бокоев долбоордо кандай адамдардын аты сунушталаарына кызыгып, өлкөгө эмгеги сиӊген адамдардын аттары айылдарга берилерин, алар өкмөт тарабынан сунушталаарын тактады. Бокоевдин пкиринде, айылдарга адам аттарын ыйгаруунун зарылчылыгы жок.

Депутат Аалы Карашев ат берүү маселесинде критерийлерди тактоо максатында редакциялык түзөтүүлөрдү киргизүү керектигин сунуш кылды.

Депутат Элвира Сурабалдиева айылдар менен көчөлөрдүн кримтөбөлдөрдүн атынан атала башташына мүмкүнчүлүк түзүлүп калышына кооптонуп, ага азыртан эле айрым мисалдар бар экенин билдирди.

«Мыйзам долбоорунда андай жаман жоруктарга жол бербей турган так жоболор камтылышы зарыл», - дейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!