Уурулукка шектүү жаран кармалды

10-Май 2017, Шаршемби

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишти белгилеген күнү Сокулук районунун тургуну уурулукка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-май күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен Ленин айылынын 44 жаштагы жашоочусу кайрылган. Ал 8-май күнү болжол менен саат 12:00дөр чамасында Беш-Күнгөй айылында жайгашкан балдар лагеринен “ТСL” үлгүсүндөгү телефонунун белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 9 миң сомду түзгөн.

Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргузүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмыштын изи сууй электе бул кылмышка шектүү делип, Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын 42 жаштагы жашоочусу кармалган. Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБнүн тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш-жаза кодексинин «уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!