Чуусу көп “КТ Мобайл” компаниясына жаңы жетекчи келди

Чуусу көп “КТ Мобайл” компаниясына жаңы жетекчи келди
11-Июнь 2019, Шейшемби, 12:07

Мураталы Жакыпов чуусу көп “КТ Мобайл” компаниясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу “Кыргызтелеком” ишканасы кабарлады.

Ишке кире элек жатып, олчойгон карызга баткан “КТ Мобайлдын" буга чейинки директору коомчулуктун катуу сынынан улам өз ыктыяры мене кызматтан кеткен. Анын орун басары Эрназар Имакадыр уулу да өзү берген арызынын негизинде кызматын тапшырып, ал гана эмес, буга чейин колуна алган айлык маянасын кайтарып берген. Эрназар Иманкадыр уулу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын баласы болуп чыккан.

Депутат Жанар Акаев “КТ Мобайл” компаниясынын артында ким турарын иликтеп жана ал компанияда иштеген кызматкерлердин айлык маянасы боюнча атайын комиссия түзүүнү сунуштаган.

“Эмне үчүн мамлекеттик ишкана дагы бир мамлекеттик ишканага жөн эле жерден 345 млн. сом алыш керек? “КТ Мобайлдын” артында кимдер турат? Биздин угушубузга караганда, өкмөт башчынын жакын туугандары, анын балдары, бажалары деген сөздөр чыгып жатат. Ошонун баарын териштирип коюшубуз керек. Менимче, парламент буга өзүнчө коммиссия түзүш керек”

“Кыргыз телекомго” караштуу “КТ Мобайл” компаниясы 2003-жылы негизделген. Компанияны ишке киргизүү үчүн өткөн жылдын 3-ноябрында аукцион жарыяланып, “Мегаком” бренди менен таанымал “Альфа Телеком” жабык акционердик коому утуп чыккан.

“КТ Мобайл” компаниясы GSM стандартындагы жыштыкты пайдаланууга лицензиясын алган. Бирок эки компаниянын ортосунда пикир келишпестик жаралып, иш токтоп калган. Келишимге ылайык, «Мегаком” компаниясы 345 млн. сом төлөп берип, компаниянын иши жанданмак.

Премьер-министр 16-майда эки компаниянын ортосунда кызматташтыктын талаш маселелерин жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөргөн. Жолугушуунун жыйынтыгында «Мегаком» “КТ Мобайл” менен жыштыктарды биргелешип колдонуу боюнча кызматташууну улантары белгилүү болду. Бул үчүн «Мегаком» өзүнүн техникалык базасын берип, таяныч оператору болот. Ошентип, «Мегаком» Кыргызстандын рыногунда “Salam” бренди менен төртүнчү уюлдук байланыш операторун ишке киргизүү милдетин өзүнө алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө  өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Бишкекте
Бишкекте "Тенгри" аттуу ачык асман алдындагы музыкалык иш-чара өтөт
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты