Жээнбеков: Кыргызстан менен Монголия ак илбирс жердеген ареалга камтылган

Жээнбеков: Кыргызстан менен Монголия ак илбирс жердеген ареалга камтылган
12-Июнь 2019, Шаршемби, 15:59

Кыргызстан жана Монголия ортосундагы саясий кызматташтык өз ара аракеттешүүнүн жаңы деңгээлине чыгууда.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июнда Кыргызстанга расмий сапары менен келген Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолукканда айтты.

Президент Жээнбеков эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү зарылчылыгын белгиледи.

«Өз кезегинде, биз да Монголияда дипломатиялык өкүлчүлүгүбүздү ачуу маселесинин үстүндө иштеп жатабыз. Жакын арада Улан-Батордо ардактуу консулдук ачабыз деген планыбыз бар», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Андан тышкары, Сооробай Жээнбеков тарых жана археология чөйрөсүндө биргелешип иштөөгө кызыкдар экенин билдирди.

«Эки өлкөнүн маданияты да, тарыхы да окшош эмеспи. Андан тышкары, Кыргызстан менен Монголия ак илбирс жердеген ареалга камтылган. Ошондуктан, ак илбирстерди жана алар жердеген чөйрөнү сактап калуу боюнча ишти улантуу маанилүү болуп саналат», - деди мамлекет башчы.

Президент эки элдин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечеги чоң экенин кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?