Муфтият нике каттоо журналын киргизди

Муфтият нике каттоо журналын киргизди
12-Июнь 2019, Шаршемби, 16:41

Бүгүн, 12-июнунда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максатбек Токтомушев имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте Бишкек жана Чүй облусундагы имамдарга Нике каттоо журналын тааныштырды.

Никенин жана никеге каттоого алуунун максаты:

Мусулмандардын шарияттык никеге туруусун каттоого алуу жана өлкөдөгү үй-бүлө институтун бекемдөө;

Үй-бүлө баалуулуктарын жайылтуу жана нике, талак маселелерин кеңири түшүндүрүү аркылуу ажырашуулардын алдын алуу;

Өлкө боюнча сапаттуу жана бирдиктүү нике кыюуну жолго салуу жана нике кыйган дин кызматкердин жоопкерчилигин күчөтүү;

Күйөө никедеги милдеттерин аткарбаган учурда аялдардын шарияттык, мүлктүк, мурастык укуктарын сакталуусун камсыздоо;

Жубайлар ортосунда сүйүү, мээрим жана байыр алууну, келечек урпакты көбөйтүү, абийирди, намысты сактоо.

Шарияттык никени каттоо жүргүзүү үчүн дин кызматкерлери никеге туруп жаткан жарандардын никеге тиешелүү болгон өздүк документтерин (паспортторун) талап кылат жана мыйзамдын талаптарына жараша 18 жашка толгон жарандарга гана нике кыюу жөрөлгөсүн шарияттын негизинде өткөрөт.

Эми облустук казыяттар Муфтиятка нике тууралуу отчет берип турушат.

Журнал 3 миң нуска менен басылып чыкты. 12-июндан 3-июлга чейин Кыргызстандын бардык аймактарындагы имамамдарга окутуу иштери жүргүзүлүп, тапшырылмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?