Тышкы иштер министри Финляндиянын элчиси менен жолукту

Тышкы иштер министри Финляндиянын элчиси менен жолукту
18-Июнь 2019, Шейшемби, 13:12

Бүгүн, 18-июнунда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Финляндиянын элчиси Микко Кивикоски менен жолугушуусу болуп өттү.

Министр Чыңгыз Айдарбеков Финляндиянын элчиси М.Кивикоскини парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы жана Финляндиянын өкмөтүнүн жаңы курамынын бекитилиши менен куттуктады.

Маектин жүрүшүндө көп тараптуу форматтардагы кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин талкуулашты.
Ошондой эле пландалып жаткан эки тараптуу сапарлар жөнүндө пикир алмашуу болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!