Президент: Кагаз жүзүндө калбай, элдин пайдасына ишке ашырылышы керек

Президент: Кагаз жүзүндө калбай, элдин пайдасына ишке ашырылышы керек
18-Июнь 2019, Шейшемби, 15:23

Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны жана Кытай, Монголия, Иран өлкөлөрүнүн президенттеринин Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы чыгарылды.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабаралагандай, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Тышкы иштер министрлиги Чыңгыз Айдарбековду кабыл алып, министрлик бардык тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Саммиттин жана визиттердин мазмундук уюштуруучулук маселелерин жогорку деңгээлде камсыздап беришкенин белгиледи.

«Эми алардын ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу — негизги милдет. Кагаз жүзүндө калбай, мамлекеттин, элдин пайдасына ишке ашырылышы керек. Бул эл аралык иш-чаралар Кыргызстандын аброюн бекемдеген, өлкөнүн келечегине жемиш алып келчү иш чаралар», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарына бул ири эл аралык иш-чаралардын убагында көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Шаардыктардын күнүмдүк турмушунда, өзгөчө коомдук транспорттун жүрүшүндөгү ыңгайсыздыктарга биздин жарандар түшүнүү менен мамиле жасашты. Ошондой эле миңдеген адамдар борбор шаарыбызды көрктөндүрүү, тазалыкты жана коомдук тартипти камсыз кылуу менен алек болушту. Алар күн-түн дебей иштешти. Мен баарыңыздарга жардамыңыздар жана жарандык колдоо үчүн ыраазычылык билдирем», — деп жыйынтыктады мамлекет башчы.

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Бишкекте өткөн кезектеги саммити 14-июнда аяктады. Самиттин алкагында ШКУ уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары Бишкек декларациясына кол коюшту.

Ошондой эле ”ШКУ-Афганистан” байланыш тобунун жол картасы, саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык тууралуу чечимдерге кол коюулуп, ШКУнун катчылыгы менен дүйнөлүк туристтик уюм ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө, Бириккен Улуттар Уюмунун Тамак аш жана айыл чарба уюмунун меморандуму кабыл алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!