Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты

Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты
18-Июнь 2019, Шейшемби, 17:29

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кытай мамлекетинен келген инвесторлор менен жолугушту.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кытай лидери Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасаган сапары ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетип, аларга күчтүү өбөлгө берет.

«Чан Ань» көп тармактуу корпорациясынын директору Ли Ган Кытайдан келген делегация эки өлкөнүн ортосунда ар түрдүү багыттарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү колдой тургандыгын айтты.

«Биз өлкөнүн туристтик потенциалына көңүл буруп жатабыз. Кытайдан жылына 100 млн турист дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнө барышат. Бул багытта Ысык-Көлдүн жээгинде туристтик база, мейманкана комплексин түзүү пландары бар. Бул экономикалык эмес, маданий долбоор, туристтик каттам мурда Суяб шаары жайгашкан аймак аркылуу өтөт. Бул баштоолордун баары маанилүү жана Кытай Төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак – бир жол» долбоорунун алкагындагы көрсөтмөлөрүнө дал келет», – деди Ли Ган.

Премьер-министр Кыргызстан кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө максат кылынган инвестициялык сунуштарды жана долбоорлорду колдой тургандыгын кошумчалады.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!