ИИМдин академиясыясында курсанттардын бүтүрүү аземи болду (фото)

ИИМдин академиясыясында курсанттардын бүтүрүү аземи болду (фото)
20-Июнь 2019, Бейшемби, 13:19

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин катышуусунда ИИМдин академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү.

Быйыл ИИМдин академиясын 118 курсант аяктап, жогорку билимдүү дипломдорун жана лейтенант наамын алышты.

Министр Кашкар Жунушалиев куттуктоо сөзү менен чыгып, бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилегин арнады:

« ИИМдин академиясынын дубалдарында алынган терең теоретикалык билимдер, негиздүү кесиптик даярдык жана моралдык-психологиялык бышыруу бүтүрүүчүлөрдүн андан ары өнүгүүсүнө жана өзүнүн ордун табууга бекем негиз болгондугун белгилейм. Силердин кызматыңар түрдүү сыноолорго көп болуп, ошол эле учурда кызыктуу жана мазмундуу болот. Бардык кыйынчылыктардын ийгиликтүү түрдө чечилип, өтүлүүсүнө ишенем. Анткени ага жетиштүү потенциал бар. Ошондуктан биз силердин алдыңарга чоң үмүттөрдү алдыга коебуз

Мындан ары академиясынын бүтүрүүчүлөрү Ички иштер органдарынын толук укуктуу кызматкерлери болуп, бөлүштүрүүлөрдөн соң, аймактарда кызмат өтөөгө киришишет.

Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 15 кыздар. Ал эми үчөө артыкчылык дипломдорун алышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!