Муктаждар үчүн акысыз кийим пункту ачылды

11-Май 2017, Бейшемби

Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коому Бишкек шаарындагы Свердлов акимиатында жайгашкан гуманитардык кийим пунктун ачты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турмуштук оор кырдаалга туш болгон, муктаж үй-бүлө мүчөлөрү өзүнө ыңгайлуу кийим-кечелерди акысыз алса болот. Мында кийим-кечелердин, бут кийимдердин төрт сезонго ылайыкталган түрлөрү коюлган.

«Биз түрдүү категориядагы муктаж үй-бүлөлөргө: жаш үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө, турмуштук оор кырдаалда жашагандарга ара тараптуу жардамдарды көрсөтүп келебиз. Биздин экинчи ачылып жаткан гуманитардык пунктту да дал ушундай үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иретинде ачтык»,-деп айтылат маалыматта.

Муктаждар үчүн гуманитардык пунктун дареги: Чүй проспектиси 28, Свердлов акимиаты, эрте мененки саат 10:00дөн кечки 17:00гө дүйшөмбүдөн жумага чейин иштемекчи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!