Сулайманов: Кыйноодо уруп-тепкилөө, коркутуп-үркүтүү ыкмалары көп колдонулат

Сулайманов: Кыйноодо  уруп-тепкилөө, коркутуп-үркүтүү ыкмалары көп колдонулат
24-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 16:05

Кыйноодо уруп-тепкилөө, коркутуп-үркүтүү ыкмалары көп колдонулат. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборунун жетекчиси Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

“2014-2016-жылдары кыйноонун башына баштык кийгизүү ыкмалары көп колдонулчу. Бүгүнкү күндө азайды. Психологиялык басым, коркутуп-үркүтүү, уруп-тепкилөө биринчи орунда турат. Азыр мамлекет тарабынан көп иш-чаралар жүрүп жатат. Улуттук деңгээлде бир нече план бекитилди. Башында бизди тааныбай бейөкмөт уюм катары эсептесе, азыр мамлекеттик органдар менен кызматташууга жеттик” , – деди Сулайманов.

Ушул жылдын беш айында аталган мекемеге жарандардан 71 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 27си кыйноо фактысына арыздангандар. Бул арыздардын негизинде прокуратура 8 кылмыш иши козгоду.

Сүрөт: AKIpress

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!