Жер көчкү турак-жайларды басып калды

11-Май 2017, Бейшемби

Өзгөн районуна караштуу Курбу-Таш айылында жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматкка караганда, Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып олтуруп, 10-майга карата 45 турак-жайды, социалдык объектилерден 1 ФАП, 1 мечити жана 35 электр мамысын, айыл көрүстөнүн, мектептин пайдубалын басып калган.

Учурда жер көчкү айыл аймактын көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак-жай, 4 соц.объект (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечит) жайгашкан.

Ал эми мектептин курулуш материалдары буга чейин ӨКМнин куткаруучулары тарабынан коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!