Канат Исаев үй камагына алынды

12-Май 2017, Жума

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге айып тагылып, баш коргоо чарасы белгиленди. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-майда УКМК ТБ мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ЖК депутаты К.Исаевге кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Токмок шаарынын мэри кезинде мыйзамга каршы аракеттерди жасагандыгы үчүн айып тагылды.

К.Исаев Токмок шаарынын мэри кезинде муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке компаниянын ээлегине соода борборунун курулушуна берген.

Мындан тышкары, ал, Токмок шаарынын башка кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттин эсебинен автостанцияны куруу иштерин жеке жалданма компанияга мыйзамсыз өткөрүп берген.

Ошондой эле, Исаев мыйзамсыз түрдө, түз сатуу жолу менен арзан баада жеке жакка муниципалдык имаратты саткан.

Исаев жана башка адамдардын жогоруда белгиленген мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.

Айыпталуучу К.Исаев үй камагына алынды.

Белгилей кетсек, Канат Исаевге өткөн жылдын 10-ноябрында карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!