Атамбаев Тергөө кызматына суракка барбай турганын айтты

Атамбаев Тергөө кызматына суракка барбай турганын айтты
9-Июль 2019, Шейшемби, 10:37

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 8-июлда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылгандыгы боюнча журналисттердин суроосуна жооп берди.

Анда Атамбаев Тергөө кызматына суракка барбай турганын айтты.

"Милиция кандайдыр бир кагаздарды алып келиптир, мындан кийин дагы милиция алып келеби, прокуратура алып келеби, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери алып келеби биз мындай кагаздарды дароо укук коргоочум Сергей Слесаревге беребиз. Анткени, мага каршы мына бул ишти козгойбуз деп оюн жүргөгндө азыркы бийлик Конституцияны да, мыйзамды да-баарын бузган да. Ошондуктан, биринчи бийлик укуктук талаага, укуктук ченемге кайрылып барышы керек",- деди Атамбаев

https://www.facebook.com/maitikeev/videos/23072402...

Айта кетсек, кечээ, 8-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылган. Ал күбө катары чакырылган. Чакырууда Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-июлда Башкы тергөө башкармалыгына барышы керектиги жазылган.

ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылдын апрель айында «айыккыс дартка чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтеп жатат.

Ушул жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамиштов аны мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча кылмыш иши кайра жанданганын бышыктап, тиешелүү адамдар суракка чакыртыла турганын айткан эле.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев, анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, Нарын шаарынын мурдагы судьясы Жапар Эрматов, мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов камакка алынган. Ошондой эле мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева.да камалып, 22-майда үй камагына чыгарылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Нурмат Садыровдун катталуучулары 1 миллионго жетти
Ырчы Нурмат Садыровдун катталуучулары 1 миллионго жетти
Шектүүлөр аэропорттон каза болгон ишкердин акчасын кантип уурдашкан? (видео)
Шектүүлөр аэропорттон каза болгон ишкердин акчасын кантип уурдашкан? (видео)
 «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» деп аталган конференция өтөт
«Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» деп аталган конференция өтөт
 Талас-Тараз автожолундагы көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлүнөт
Талас-Тараз автожолундагы көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлүнөт
 Россия-кыргыз өнүгүү фонду насыя берүүнү эки эсе көбөйттү
Россия-кыргыз өнүгүү фонду насыя берүүнү эки эсе көбөйттү
Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!
Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!
Ватсапта кандай өзгөрүүлөр болот?
Ватсапта кандай өзгөрүүлөр болот?
Казакстандын президентинин иш сапарында бизнес форум өткөрүлөт
Казакстандын президентинин иш сапарында бизнес форум өткөрүлөт
“Жүрөгүмдү ээледиң” клибин аз убакытта эң көп көрүүчү көрдү (видео)
“Жүрөгүмдү ээледиң” клибин аз убакытта эң көп көрүүчү көрдү (видео)
Көмүр ташуучу вагонго жашынган жаран кармалды
Көмүр ташуучу вагонго жашынган жаран кармалды
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жаңы стиль менен ырдап чыгабы?
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жаңы стиль менен ырдап чыгабы?
Өрүк майынын сулуулукка пайдасы
Өрүк майынын сулуулукка пайдасы
Эсеп 27:0 болгондо машыктыруучуну иштен айдады
Эсеп 27:0 болгондо машыктыруучуну иштен айдады
Данияр Эрматовдун болочок жары Айсалкындын кыз узатуу тою болот
Данияр Эрматовдун болочок жары Айсалкындын кыз узатуу тою болот
Адамдарга жасаган чыдамкайлык мамиле өмүрдү узартат!
Адамдарга жасаган чыдамкайлык мамиле өмүрдү узартат!
ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүү көлөмү беш пайызга төмөндөдү
ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүү көлөмү беш пайызга төмөндөдү