Жээнбеков Батукаев бошоткон ​судьяны кызматынан убактылуу четтетти​

Жээнбеков Батукаев бошоткон ​судьяны кызматынан убактылуу четтетти​
9-Июль 2019, Шейшемби, 11:33

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов кызматынан убактылуу четтетилди.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, Конституциянын 95-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Судьяларынын статусу жөнүндө» Конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Башкы прокуроруна жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө макулдук бергендигине байланыштуу Нарын облусунун Райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Жапар Эрматов жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, 24-июнда Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ага чейин Башкы прокуратура ага карата сотко чейинки өндүрүш иштери башталганын кабарлаган. Анткени, Эрматов Нарын шаардык сотунун судьясы болуп иштеп жатканда, кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу тууралуу ишти караган.

Бирок аны бошотуу тууралуу сунуш №24 тергөө абагынын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучусу тарабынан берилген. Мыйзам боюнча сунушту мекеменин жетекчиси гана бере алат. Жазык-процесстик жана Жазык аткаруу кодексинин талаптарына ылайык, бул ишти судья өз өндүрүшүндө албашы керек.

Иштин материадарын дыкат карабай, аны абактан бошотуу чечими Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө шарт түзгөн. Батукаевди Аламүдүн райондук соту 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан эле.

Судья Эрматовго Жазык кодексинин "Билип туруп акыйкат эмес өкүм чыгаруу" жана "Коррупция" беренеси боюнча айып тагылды. Сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүү ИИМге тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Өмүрбек Бабанов Финполго сурак берүү үчүн барды
Өмүрбек Бабанов Финполго сурак берүү үчүн барды
ИИМ: Батукаевдин жактоочусу кызыктар тараптан акча алган
ИИМ: Батукаевдин жактоочусу кызыктар тараптан акча алган
Назира Айтбекова: “Авам, тарыхта калаарыңызды билесизби?..”
Назира Айтбекова: “Авам, тарыхта калаарыңызды билесизби?..”
Эгиздердин фестивалына эл көп келди
Эгиздердин фестивалына эл көп келди
Ич көпкөндү алдын алуучу суусундук
Ич көпкөндү алдын алуучу суусундук
20-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
20-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Макияждагы жаңы тенденция
Макияждагы жаңы тенденция
Жаңы клип: “Жеңелер”
Жаңы клип: “Жеңелер”
Өкмөт жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтууну колдойт
Өкмөт жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтууну колдойт
Лионель Мессинин жаракаты калыбына келди
Лионель Мессинин жаракаты калыбына келди
Эгерде жашооңуз татаалдашып жатса, төмөнкү кеңештерге кулак түрүңүз!
Эгерде жашооңуз татаалдашып жатса, төмөнкү кеңештерге кулак түрүңүз!
Чүй облустук соту Садыр Жапаровдун арызын  канааттандырган жок
Чүй облустук соту Садыр Жапаровдун арызын канааттандырган жок
ИИМ:Баабиевдин массалык башаламандыкка​ катыштыгы бардыгы такталды
ИИМ:Баабиевдин массалык башаламандыкка​ катыштыгы бардыгы такталды
Разаков укук коргоо органдарынын маалымат базасын өркүндөтүүнү тапшырды
Разаков укук коргоо органдарынын маалымат базасын өркүндөтүүнү тапшырды
​
​"Алтын топ" сыйлыгынын ээси биринчи жолу кызыл карточка алды (видео)
Самара Каримованын концертине билет 10 миң рубль
Самара Каримованын концертине билет 10 миң рубль