Коррупциянын акчаларынын эсебинен мектептер курулат

Коррупциянын акчаларынын эсебинен мектептер курулат
9-Июль 2019, Шейшемби, 11:45

Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектептин имараттарына кошумча корпустарды куруу үчүн 799,3 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, финансылык каражаттар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнүүдө.

Эске салсак, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков бир нече мектептерге барган жана алардын абалы менен таанышып, коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке келип түшкөн каражаттарды Бишкек жана Ош шаарларында жаңы мектептерди курууга же орто мектептердин имараттарына кошумча корпустарды курууга багытталарын убада кылган.

2019-жылдын июлунан тартып, республикалык бюджеттен каржылануучу мектептерди курууну Бирдиктүү депозиттик эсептен каржылоо ачылган. Биринчи траншы 15млн сомду түзөт.

2019-жылга каржылануучу билим берүү мекемелеринин тизмеси бекитилген жана республикалык бюджеттен каржылануучу «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржылоонун көлөмү көбөйтүлгөн.

Финансы министрлиги каржыны Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинен келип түшкөн өтүнмө боюнча берет. Каражаттар ведомстволор аралык комиссиянын анализинин жыйынтыгы боюнча аныкталган мектептердин кошумча корпустарын курууга багытталат.

Каражаттар ведомстволор аралык комиссиянын анализинин жыйынтыгы боюнча аныкталган мектептердин кошумча корпустарын курууга багытталат.

Бишкек шаарында: № 12-мектеп-гимназия, № 69-комплекс-гимназия, № 54-орто мектеп, № 18-орто мектеп, № 59-орто мектеп, № 72-мектеп-гимназия, № 16-орто мектеп.

Чүй облусунда: Новопавловка орто мектеби, Ат-Башы орто мектеби, Орок орто мектеби, Новопавловкадагы Ч.Айтматов атындагы мектеп, Төмөнкү-Ала-Арча мектеби, Кашка-Суу айылындагы Т. Актанов атындагы мектеп, Новопокровка айылындагы № 2 Баранов атындагы мектеп.

Ош шаарында: № 7 Нариман мектеп-гимназиясы.

Келечекте каражаттар орто окуу жайлары жетишпеген республиканын бардык аймактарына багытталат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Нурмат Садыровдун катталуучулары 1 миллионго жетти
Ырчы Нурмат Садыровдун катталуучулары 1 миллионго жетти
Шектүүлөр аэропорттон каза болгон ишкердин акчасын кантип уурдашкан? (видео)
Шектүүлөр аэропорттон каза болгон ишкердин акчасын кантип уурдашкан? (видео)
 «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» деп аталган конференция өтөт
«Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» деп аталган конференция өтөт
 Талас-Тараз автожолундагы көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлүнөт
Талас-Тараз автожолундагы көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлүнөт
 Россия-кыргыз өнүгүү фонду насыя берүүнү эки эсе көбөйттү
Россия-кыргыз өнүгүү фонду насыя берүүнү эки эсе көбөйттү
Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!
Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!
Ватсапта кандай өзгөрүүлөр болот?
Ватсапта кандай өзгөрүүлөр болот?
Казакстандын президентинин иш сапарында бизнес форум өткөрүлөт
Казакстандын президентинин иш сапарында бизнес форум өткөрүлөт
“Жүрөгүмдү ээледиң” клибин аз убакытта эң көп көрүүчү көрдү (видео)
“Жүрөгүмдү ээледиң” клибин аз убакытта эң көп көрүүчү көрдү (видео)
Көмүр ташуучу вагонго жашынган жаран кармалды
Көмүр ташуучу вагонго жашынган жаран кармалды
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жаңы стиль менен ырдап чыгабы?
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жаңы стиль менен ырдап чыгабы?
Өрүк майынын сулуулукка пайдасы
Өрүк майынын сулуулукка пайдасы
Эсеп 27:0 болгондо машыктыруучуну иштен айдады
Эсеп 27:0 болгондо машыктыруучуну иштен айдады
Данияр Эрматовдун болочок жары Айсалкындын кыз узатуу тою болот
Данияр Эрматовдун болочок жары Айсалкындын кыз узатуу тою болот
Адамдарга жасаган чыдамкайлык мамиле өмүрдү узартат!
Адамдарга жасаган чыдамкайлык мамиле өмүрдү узартат!
ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүү көлөмү беш пайызга төмөндөдү
ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүү көлөмү беш пайызга төмөндөдү