Cузакта 11 жаштагы баланы мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти

Cузакта 11 жаштагы баланы  мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти
9-Июль 2019, Шейшемби, 15:07

Cузак районунун Каңды айылында 11 жаштагы окуучу бала өз үйүндө бычакталган абалда табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ишки иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 8-июлда болгон. Бул окуя тууралуу Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшөрү менен ыкчам топ окуя болгон жерге барган. Окуучу бала өз үйүнүн кире беришинде колу-буту скотч менен байланып жаткан абалда табылган. Баланын денесинин бир канча жерине бычак сайылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган. Ошондой эле үйдөн "Сенден балаң аркылуу өч алдым" деген кат табылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголгон. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иши жүргүзүлүп жатат.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!