Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы бекитилди

Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы бекитилди
9-Июль 2019, Шейшемби, 17:48

2019-2023-жылдарга Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

2019-2023-жылдарга Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктарын ишке ашыруу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана республиканын азык-түлүк рыногунун ички жана тышкы коркунучтарына ыкчам аракеттерди көрүү максатында кабыл алынган.

Ушул Программада саламаттык сактоо, билим берүү, экономикалык жана социалдык сектордун тармактарын өнүктүрүү программаларына интеграцияланууга тийиш болгон талаптар жана чектөөлөр аныкталган.

Азык-түлүк коопсуздугу өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоонун башкы багыттарынын бири жана анын мамлекеттүүлүгүн жана азык-түлүк көз карандысыздыгын сактоонун фактору болуп саналат.

Белгилей кетсек, буга чейин азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу маселелери өкмөттүн 2015-жылдын 4-сентябрындагы № 618 токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргызстанда тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугунун программасында жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планында чагылдырылган жана алардын алкагында ишке ашырылган.

Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш маселелеринин жогорку артыкчылыгын эске алуу менен Кыргызстанда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу кеңеши тарабынан 2019-2023-жылдарга азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын иштеп чыгуу чечими кабыл алынган.

Ушул Программада президенттин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттары эске алынды жана азык-түлүк коопсуздугун жана сапаттуу тамак-аш азыктарын камсыздоо боюнча жоболорду аткарууга багытталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Өмүрбек Бабанов Финполго сурак берүү үчүн барды
Өмүрбек Бабанов Финполго сурак берүү үчүн барды
ИИМ: Батукаевдин жактоочусу кызыктар тараптан акча алган
ИИМ: Батукаевдин жактоочусу кызыктар тараптан акча алган
Назира Айтбекова: “Авам, тарыхта калаарыңызды билесизби?..”
Назира Айтбекова: “Авам, тарыхта калаарыңызды билесизби?..”
Эгиздердин фестивалына эл көп келди
Эгиздердин фестивалына эл көп келди
Ич көпкөндү алдын алуучу суусундук
Ич көпкөндү алдын алуучу суусундук
20-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
20-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Макияждагы жаңы тенденция
Макияждагы жаңы тенденция
Жаңы клип: “Жеңелер”
Жаңы клип: “Жеңелер”
Өкмөт жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтууну колдойт
Өкмөт жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтууну колдойт
Лионель Мессинин жаракаты калыбына келди
Лионель Мессинин жаракаты калыбына келди
Эгерде жашооңуз татаалдашып жатса, төмөнкү кеңештерге кулак түрүңүз!
Эгерде жашооңуз татаалдашып жатса, төмөнкү кеңештерге кулак түрүңүз!
Чүй облустук соту Садыр Жапаровдун арызын  канааттандырган жок
Чүй облустук соту Садыр Жапаровдун арызын канааттандырган жок
ИИМ:Баабиевдин массалык башаламандыкка​ катыштыгы бардыгы такталды
ИИМ:Баабиевдин массалык башаламандыкка​ катыштыгы бардыгы такталды
Разаков укук коргоо органдарынын маалымат базасын өркүндөтүүнү тапшырды
Разаков укук коргоо органдарынын маалымат базасын өркүндөтүүнү тапшырды
​
​"Алтын топ" сыйлыгынын ээси биринчи жолу кызыл карточка алды (видео)
Самара Каримованын концертине билет 10 миң рубль
Самара Каримованын концертине билет 10 миң рубль