Токмоктогу тойдо ууланууга сальмонеллез инфекциясы себеп болгон

Токмоктогу тойдо ууланууга сальмонеллез инфекциясы себеп болгон
10-Июль 2019, Шаршемби, 10:51

Токмок шаарында өткөн тойдо 100дөн ашык кишинин ууланышына сальмонеллез инфекциясы себеп болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 29-июнь күнү дарыгерлерге тамакка ууланган 174 киши кайрылган. Алардын ичинен 78и ооруканага жаткырылган. Учурда 10 киши дарыланууда.

Аталган министрликке караштуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Токмоктогу тамак-аштан жапырт уулануунун себептерин аныктоо үчүн тамак-аштын калдыктары, идиш-аяктар лабораториялык изилдөөгө алынган. Лабораториялык анализдердин жыйынтыгы менен ууланууга сальмонеллез инфекциясы себеп болгону аныкталган.

Учурда уулануу катталган «Мегаполис» кафеси Токмок санэпидемстанциясы тарабынан кемчиликтерди жойгонго чейин убактылуу жабылды.

Эскерте кетсек, Токмок шаарында «Мегаполис» кафесинде 29 июнь күнү 256 адам катышкан үйлөнүү үлпөт тою болуп өткөн. Тойго Токмок, Бишкек, Кочкор жана Ысык-Көлдөн 256 киши чакырылган. Ал эми уулануудан жабыркагандар ар кайсы областын ооруканаларына кайрылышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Токтобек Асаналиевден жаңы клип “Таарынтпайм сени” (видео)
Токтобек Асаналиевден жаңы клип “Таарынтпайм сени” (видео)
Эмил Эсеналиев тартылган клипти аз убакытта 70 миңдей көрүүчү көрдү (видео)
Эмил Эсеналиев тартылган клипти аз убакытта 70 миңдей көрүүчү көрдү (видео)
Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгарууну колдойт
Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгарууну колдойт
“Кыз бурак” тобу 40 жылдык мааракесин белгилейт
“Кыз бурак” тобу 40 жылдык мааракесин белгилейт
Гүлжайна Атаканова: Толкунданып жатам, колдооңуздарга ырахмат!
Гүлжайна Атаканова: Толкунданып жатам, колдооңуздарга ырахмат!
Окумуштуулар ашыкча салмактын негизги себебин аныкташты
Окумуштуулар ашыкча салмактын негизги себебин аныкташты
Сагындыңбы чырагым? «Напарниктер 2» тасмасы чоң экранга чыгат (видео)
Сагындыңбы чырагым? «Напарниктер 2» тасмасы чоң экранга чыгат (видео)
Дүйнөлүк банк: Кыргызстанга Россиядан которулган акча азайышы мүмкүн
Дүйнөлүк банк: Кыргызстанга Россиядан которулган акча азайышы мүмкүн
Финпол: тергөө менен кызматташкан Бегалиев үй камагына чыгарылды
Финпол: тергөө менен кызматташкан Бегалиев үй камагына чыгарылды
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат"
Чоң жылан кишини муунтуп өлтүрүп коё жаздады
Чоң жылан кишини муунтуп өлтүрүп коё жаздады
Беш миң жаран кесиптик билим алса, алардын 74 пайызы жумуш тапты
Беш миң жаран кесиптик билим алса, алардын 74 пайызы жумуш тапты
Президент:
Президент:"Энергетика тармагы ИДПнын 7 пайызын камсыздайт"
19-октябрь: абанын температурасы +21 градус болот
19-октябрь: абанын температурасы +21 градус болот
Самандан да сапаттуу үй салса болот  (фото)
Самандан да сапаттуу үй салса болот (фото)
Октябрдан баштап баардык каалоочуларга жеңилдетилген ипотека берилүүдө
Октябрдан баштап баардык каалоочуларга жеңилдетилген ипотека берилүүдө