Жээнбеков: Кыргызстан парламенттик демократияны бекемдейт

Жээнбеков: Кыргызстан парламенттик демократияны бекемдейт
11-Июль 2019, Бейшемби, 09:59

«Кыргызстандын парламенттик демократияны бекемдөө боюнча алган багыты уланат», - деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 10-июлда, Швейцариянын Берн шаарында Швейцария Конфедерациясынын федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрайымы Марина Кароббио менен болгон жолугушууда.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосунда парламенттер аралык жетишерлик активдүү диалог бар экенин белгиледи.

Жээнбеков эске салгандай, Кыргызстан Европа Кеңеши жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы менен алакалардын өнүгүшүнө чоң маани берет. 2014-жылдын апрелинде Жогорку Кеңешке берилген «Демократия боюнча өнөктөш» статусу Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы менен кызматташууну өнүктүрүүдө жакшы натыйжаларды берди.

Ал ошондой эле Кыргызстан пикирлердин ар түрдүүлүгүнө, демократияга, мыйзамдын үстөмдүгүнө, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин сактоого негизденген европалык баалуулуктарды толук колдойт.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Президент аймактардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ийгиликтүү өнүгүүсү өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугунун көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналарын баса белгиледи. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын облустары менен Швейцариянын кантондору ортосунда бир туугандык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Жээнбеков парламенттик демократияны өнүктүрүүдө мындан ары кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Швейцария ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү максатында активдүү парламенттер аралык диалогду улантууга өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!