Укалоо салонунун аты менен көмүскө жайды иштетип жүргөндөр аныкталды

Укалоо салонунун аты менен көмүскө жайды иштетип жүргөндөр аныкталды
11-Июль 2019, Бейшемби, 11:08

Ош шаарындагы кичи райондордун биринде укалоо салонунун аты менен сойкулук менен алектенген көмүскө жай аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин КМКнын Ош шаарындагы Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери аталган көмүскө жайды уюштуруу, кармоо фактысын аныкташкан.

Аталган жай жөнүндө жергиликтүү тургундар арыз менен ички иштер органдарына кайрылып, күмөн ойлорду жараткан мекемени текшерүүнү суранышкан.

Милиция бир нече жолу текшерип, топтолгон материалдарды КЖБРге катташкан. ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин "Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү" беренси боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган.

"Июнь айынын аягында тергөөнүн тапшырмасы менен КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү менен биргеликте жогоруда көрсөтүлгөн дарекке ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Аталган салондо бир нече кыздар бар болуп чыгып, анда укалоонун, анын ичинде эротикалык укалоонун бир нече түрүн сунуштап келишкен. Бирок, мекемеде бир дагы укалоо столу болгон эмес. КМКнын ААБнын алдын ала болжолдуу маалыматы боюнча, салон делип, бирок интимдик кызмат көрсөткөн көмүскө жайды иштетип келишкен. Кардарларга экзотикалык укалоо кызматтарын көрсөтүү учурунда бир нече жумушчулар кармалышкан. Кармалган төрт аял тергөө органдарына жеткирилип, алардын көбү башка аймактардан келгендиги маалым болгон. Кармалган жарандардын бири укалоо салонунун аты менен көмүскө жайды уюштурууга шектелүүдө.Жогорудагы факты боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!