Жээнбеков судья Айбек Абдивалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

Жээнбеков судья Айбек Абдивалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту
11-Июль 2019, Бейшемби, 11:23

Президент Сооронбай Жээнбеков Түп райондук сотунун судьясы Айбек Абдивалиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, мамлекет башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык, Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Конституциянын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин З-бөлүгүнө, «Судьялар статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Абдивалиев Айбек Мурзаалиевич медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга жөндөмсүз болгондугунан улам жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!