Абылгазиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды

Абылгазиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды
11-Июль 2019, Бейшемби, 17:32

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана калкты суу менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов акыркы күндөрү Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Нарын обустарынын айрым тоолуу аймактарында сел жүрүү көбөйгөнүн билдирди. Жер жерлерде министрликтин кызматкерлери селдин кесепетин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Абылгазиев өзгөчө кырдаалдар учурунда бардык тиешелүү органдар ыкчам жана биргелешип иш алып баруу керектигин баса белгиледи.

«Биздин айыл жана шаарларды сел, жер титирөө, жер көчкүдөн коргоо үчүн жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн сапаттуу комплекстүү иш аткарышыбыз керек. Жарандардын өрт жана суудагы коопсуздугуна, өзгөчө жаш балдардын коопсуздугуна көңүл бурууңуздарды өтүнөм. Туристтик сезондун активдүү этабынын башталышына байланыштуу, бардык курорттук аймактарында жана башка көп эл чогулган жерлерде коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл. Элдин коопсуздугу алдын алуу иш-чаралардын сапатына жараша болот», – деди Абылгазиев.

Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдардан турак жайларды камсыздоо маселеси дагы каралып, ал үчүн жергиликтүү жашоочуларга, айрыкча өлкөнүн кооптуу аймактарында жашаган калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылды.

Абылгазиев жыйындын жыйынтыгында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты