Таксисттен акча талап кылгандар кармалды

12-Май 2017, Жума

Жалал-Абад шаарында такси кызматында иштеген эркек кишилерден «зордуктадың» деп опузалоо жолу менен акча талап кылып жүргөн аялдардан турган топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, таксист болуп эмгектенген М.У 24-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндө баратканда аны жүргүнчү кыз тосуп чыккан. Ал белгилүү жерге баргандан кийин унаадан түшкөн соң, андан кийин эки аял келип айдоочуга «сиңдимди машинаңа салып алып зордуктап жүрөсүң»,- деп унаанын документтерин алып, 15 миң сом талап кылган.

Айдоочудан опузалап, акча талап кылган 3 аял жабырлануучудан 15 миң сомду алып, бөлүшүп жаткан жеринен кармалды.

«Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш ишине шектелип кармалгандардын бири Х.Э. аттуу тургун. Ал 1983-жылы Өзбекстандын Андижан облусунда туулган. Кармалгандардын экинчиси 1978-жылы туулган А.А. аттуу тургун. Өзбекстандын жараны. Ал эми 1977-жылы туулган А.С. аттуу Сузак районунун жашоочусу. Ал эми буга чейин бейбаштык беренеси менен соттолгон», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!