Москвада Жээнбеков менен Путин жолугушуп, эмнени талкуулашты?

Москвада Жээнбеков менен Путин жолугушуп, эмнени талкуулашты?
12-Июль 2019, Жума, 11:46

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 11-июлда бир күндүк иш сапары менен Россиянын Москва шаарында болду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында ал Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул эки мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусу, буга чейин салт болуп калгандай эки тараптуу форматта өттү.

Жээнбеков жана Путин Россиянын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде Кыргызстандын Россияда жана Россиянын Кыргызстанда 2020-жылды кайчылаш жыл деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча пикир алмашышты.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу актуалдуу маселелер жана ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Кеңешинин алдыда боло турчусессиясына даярдыктар талкууланды.

Белгилей кетсек, ЖККУ Саммити Бишкек шаарында 28-ноябрда өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!