Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келди
12-Июль 2019, Жума, 12:06

Бүгүн, 12-июлда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий сапары менен Кыргызстанга келди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, «Манас» эл аралык аэропортунда аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.


"Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында бир катар иш-чара өткөрүү пландалган, алардын катарында VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйыны. Ал эми эки тараптуу жолугушуулар тар жана кенен форматта өтмөкчү",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, тараптар жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелерди кароону пландаштырууда. Күн тартибине транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.

Ошондой эле Казакстандын премьер-министрин президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!