Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда долбоорлор талкууланды

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда долбоорлор талкууланды
12-Июль 2019, Жума, 16:46

Бүгүн, 12-июлда VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев:"Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эки тараптуу кызматташтыктагы актуалдуу маселелер боюнча ишеним жана өз ара түшүнүү бар",- деп билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы белгилегендей, Казакстан менен болгон стратегиялык мамилелерди чыңдоо, Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет.

«Эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүү, достук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча так тапшырма коюлган. Бүгүнкү жыйын – кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк жана биздин өз ара байланыштарыбыздын бир катар келечектүү багыттары боюнча макулдашууларга жетишүү максатын көздөйт», – деп белгиледи Абылгазиев.

Премьер-министр тар чөйрөдө бир катар маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча түшүнүк бар экенин билдирди.

«Анда негизги маселелер соода-экономикалык, транспорттук байланыштарды күчөтүү, инвестиция жана башка тармактарда алаканы өркүндөтүү болду. Биз жүк ташуу анын ичинде Казастан аркылуу үчүнчү мамлекеттерге кетип жаткан жүктөрдү өткөрүү жол-жолболорун жеңилдетүү маселесин талкууладык. Мындан тышкары «Каркыра-автожол» көзөмөл-өткөрүү бекетинен оор жүк ташуучу унаалар менен товарларды өткөрүү макулдашылды. Ошону менен бирге 2020-жылы Талас обулусундагы «Кичи-Капка» бекетин ачылмай болду. Муну менен катар «Чолпон-Ата – Алматы» жолун куруу, Аспара дарыясы менен Чүй-2 айланма каналында суу сактагычын салуу боюнча инфраструктарылык долбоорлор да талкууланды», – деди Премьер-министр.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!