Жээнбеков Казакстандын премьер-министри менен жолугушту

Жээнбеков Казакстандын премьер-министри менен жолугушту
12-Июль 2019, Жума, 18:02

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда Кыргызстанга расмий визит менен келген Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, мамлекет башчысы бул Аскар Маминдин Казакстандын Премьер-министри болгондон кийинки алгачкы расмий визити экенин белгиледи.

«Казакстан биздин негизги өнөктөштөрдүн бири. Сиздин сапарыңыздын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташуу тууралуу кеңири ой-пикир бөлүшүп, маанилүү чечимдерди даярдоого шарт түзүлдү деп ишенем», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Ал өзгөчө белгилегендей, Кыргызстан Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин биздин боордош өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча аракеттерин жогору баалайт. Президент Касым–Жомарт Токаев менен жылуу жана ишенимдүү мамилелер түзүлдү.

«Биргелешкен аракеттер менен биз мындан ары дагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрө беребиз. Өкмөттөр аралык кеңештин бүгүнкү жыйынында сиздер бардык маселелер боюнча чечимдерди талкуулап, кабыл алууга жакшы мүмкүнчүлүгүңөр болду деп ойлойм», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!