Абылгазиев: Корея биз үчүн Азиядагы кыйла жакын өнөктөштөрүбүздүн бири

Абылгазиев: Корея биз үчүн Азиядагы кыйла жакын өнөктөштөрүбүздүн бири
18-Июль 2019, Бейшемби, 09:33

Кыргызстан үчүн Азия аймагындагы кыйла жакын өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Бул тууралуу кечээ, 17-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында Бишкек шаарында өткөн кыргыз-корей бизнес-форумунда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал эске салгандай, 2018-жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 30 млн АКШ долларын түзгөн.

«Менин оюмча, эки өлкө тең өзүбүздүн потенциалыбызды толук пайдалана албай жатабыз деп ойлойм. Кыргыз-корей соода-экономикалык өз ара карым-катнаштарыбызды жакшыртууга бизде бардык жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Азыркы учурда Кыргызстанда Корея капиталы менен кызматташкан 976 ишкана бар. Анын ичинен 352си – биргелешкен ишкана болуп саналат. Ар бир өлкө үчүн эле чет элдик инвестициялар – ошол мамлекетти алдыга жылдыруучу локомотив. Бул көз караштан алганда, урматтуу Премьер-министр мырза, Сиздин бизнес форумга жеке өзүңүздүн катышып жаткандыгыңыз – эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы өз ара ишенимди жогорулатат», – деди Премьер-министр.

«Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүк республикада өндүрүлгөн товарлардын Евразия экономикалык биримдиктин аймагында эч тоскоолдуксуз жылып жүрүшүнө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары биз ВСП+ статусуна ээбиз, бул 6 миңден ашык товардын түрүн бажы төлөмдөрүсүз Европа биримдигине экспорттоого толук укук берет. Ошондуктан Корея инвесторлорун биздин ишкерлер менен тыгыз кызматташууга чакырып кетет элем», – деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, бүгүн республикада бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, мамлекеттин инвестициялык жагымдуулугун өркүндөтүү жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча көп иштер жасалды.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)