Абылгазиев: Корея Азия регионундагы негизги өнөктөштөрүбүздүн бири

Абылгазиев: Корея Азия регионундагы негизги өнөктөштөрүбүздүн бири
18-Июль 2019, Бейшемби, 14:32

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён менен болгон эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Абылгазиев Түштүк Корея Кыргызстандын Азия регионундагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин айтты.

Өкмөт башчы белгилегендей, эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү байланыштарды активдештирүү үчүн баардык шарттар бар.

Премьер-министр кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосунда саясий диалогду улантуу маселесине өтө чоң маани берерин айтып, мындан ары да ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууга даяр жана ачык деп белгиледи.

«Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу коңшу мамлекеттер менен достук жана боордоштук мамилелерди бекемдөө болуп саналат. Бизди алар менен кылымдардан бери уланып келе жаткан салт-санаалар жана үрп-адаттар, достук жана ынтымактуу коңшулук мамилелер байланыштырып турат. Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуусу эки тараптуу негизде, ошондой эле көп тараптуу форматта дагы өнүгүп келе жатат. Ушуга байланыштуу «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форумун андан ары өнүктүрүү демилгесин толугу менен колдойбуз», – деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы Корея Кыргызстанга шайлоо процессин өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгилеп, натыйжасында парламенттик жана президенттик шайлоолор ачык-айкын, адилеттүү атаандаштык шарттарда өтүп, өз учурунда ал өлкөдө демократиялык өзгөртүп түзүүлөрдүн жогорку деңгээлин көрсөткөнүн айтты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)