Бишкектин Осмонкул көчөсү жабылды

15-Май 2017, Дүйшөмбү

Жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштерине байланыштуу унаа каттамы үчүн Бишкектеги Осмонкул көчөсү жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, унаа каттамы үчүн Осмонкул көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жабылат.

«Жылуулук түйүндөрүндө 2017-2018-жылдары күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөндүктөн талган көчө 4-июнга чейин жабылат»,-деп айтылат маалыматта.

Мэрия шаар тургундарын ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана кичи автобустун айдоочуларынан алдын ала өздөрүнө ыңгайлуу жолду тандап алышын өтүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!