Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды

Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
22-Июль 2019, Дүйшөмбү, 17:04

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын төрагасы Радик Батыршинди кабыл алды.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, жолугушууга ошондой эле «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы Улуттук филиалынын директору Динара Сүймалиева да катышты.

Жээнбеков «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын төрагасына «Данакер» орденин тапшырды. Мамлекеттик сыйлыгы менен Радик Батыршин КМШ өлкөлөрүнүн элдери ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту бекемдөөгө кошкон эмгеги жана жеке салымы үчүн сыйланган.

Президенттин тийиштүү Жарлыгына 2018-жылы кол коюлган.

Жээнбеков КМШда эле эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү актуалдуу көйгөйлөрдү жана иш-чараларды чагылдыруу боюнча «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын алгылыктуу иштерин канааттануу менен белгиледи.

«Сиздердин жамаат Шериктешке кирген мамлекеттердеги телекөрүүчүлөрдүн арасында чоң абройго ээ болуп, компания дүйнөдөгү мыкты теле уюмдары менен тең ата атаандаша ала турганын далилдеди», — деп баса белгиледи ал.

Президент ошондой эле «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы Улуттук филиалы өлкөдөгү маанилүү окуяларды күн сайын чагылдырып, кыргызстандыктардын турмушун даңазалап жатканын белгиледи.

«"Мир" телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы Улуттук филиалынын жамааты ар дайым биздин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргойт жана илгерилетет. Эл аралык маалымат айдыңында Кыргызстандын позитивдүү беделин калыптандырууда», — деп белгиледи Жээнбеков.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)