МЧК: Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал курчуду

МЧК: Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал курчуду
23-Июль 2019, Шейшемби, 18:08

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал курчуду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын, Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн катышуусунда чек арага канатташ аймактын элине түшүндүрүү иштери жүрүп жаткан учурда тажик тараптан Кыргызстандын жарандарына карата эки ок чыгарылган. Анын натыйжасында чек ара кызматынын аскер кызматкери жарадар болду.

Мамлекеттик чек аранын бул тилкесинде чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Исфара – Ворух автотрассасында кыймыл токтотулган. Ошондой эле Тажикстандын жарандары Исфана – Баткен жолун тосуп алышкан.

"Бүгүн, 23-июлда Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-июлда саат 17:20 чамасында Тажикстандын Ворух айылынын жашоочулары айылдын кире беришине флагшток орнотушкан. Ага Баткендин Ак-Сай айылынын жашоочулары нааразычылык билдиришип, чырлаша кетишкен. Анын натыйжасында жарандардын бири курал колдонуп, ок чыгарган.

Буга чейин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү чек арадагы жаңжалдан улам 15 кыргызстандык жабыркап, ооруканага түшкөнүн кабарлаган. Алардын 12сине ок жаңылса, калганына таш тийген.

Ал эми Тажикстандын бир жараны каза таап, бир нечеси жабыркаганы айтылууда.

Бүгүн, 23-июлда чек арадагы жаңжалга байланыштуу тажик тарап Лейлек районуна кете турган Исфана-Баткен унаа жолун жапкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)