Май куючу бекетте өрт чыкты

15-Май 2017, Дүйшөмбү

Лейлек районунда май куючу бекетте өрт чыгып бир адам күйүк менен ооруканага жаткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-май күнү саат 08:15 чамасында Лейлек районундагы Кыргызстан 60-жылдык айлында жайгашкан “Петрогаз” май куюуучу бекетинде оператордук имаратынын ашкана бөлмөсүнөн газ балондун редукторунан өрт чыккан.

Өрттөн 28,8 чарчы метр аянтта ДСП капталган ички жасалгасы күйүп, өрттүн натыйжасында май таратуучу колонканын желим, пластмассалары оттун ысыгына ээриген. Өрт күйүүчү майга жеткен эмес.

“Өрт кырсыгынан 1981-жылы туулган Ж.М. (Жаңы Жер айыл аймагынын, Достук айлынын тургуну) өрттү өз алдынча өчүрөм деп, колу менен буттунан жана бетинен жалпы 18 пайыз күйүк алып, коңшулаш Таджикистанга жакынкы аймактагы ооруканага тез жардам аркылуу жеткирилген. Өрттүн себеби жана материалдык чыгымдары такталууда”,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!