УКМК Бакиевди колдогон ЖМКларга эскертүү берди

УКМК Бакиевди колдогон ЖМКларга эскертүү берди
31-Июль 2019, Шаршемби, 11:47

Бүгүн, 31-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети качкын президент Курманбек Бакиевди жана анын жакын туугандарын колдогон телевизиондук материалдардын авторлоруна эскертүү берди.

УКМК тараткан билдирүүгө ылайык, мындай маалыматтардын жана телевизиондук материалдардын авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт.

"Буга байланыштуу, УКМК маалыматтардын жана телевизиондук материалдардын авторлоруна коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМКдан билдиришкендей, Башкы прокуратура тарабынан мурун козголгон кылмыш иштери боюнча Курманбек Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон.

Азыркы убакта айыпталуучулар издөөдө жүрөт.

Белгилей кетсек, кечээ, 30-июлда NewTV телеканалында Курманбек Бакиевдин туулган күнүнө карата сюжет көрсөтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!