Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү
1-Авг. 2019, Бейшемби, 10:37

Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги жер ресурстарын жана жерге болгон укуктарын натыйжалуу башкаруу, жер ресурстары жана кыймылсыз мүлк боюнча толук кандуу геомаалыматтык тутумду түзүү, жер мыйзамдарын колдонуу жана сактоодо бирдейлигин камсыз кылуу, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу топографиялык-геодезиялык жана жерге орноштуруу иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо максаттарында түзүлгөн.

Абылгазиев жаңы агенттикти түзүү жөнүндө чечимди түзүп жатып баса белгилегендей, 10 жыл мурда жүргүзүлгөн мамлекеттик башкаруу органдарын реформалоонун натыйжасында жер ресурстарын бирдиктүү мамлекеттик башкаруу тутуму жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо ажыратылган.

«Жоюлган агенттиктин ведомство алдындагы түзүмдүк бөлүктөрү ар башка министрликтердин жана ведомстволордун карамагына берилген. Бул республикада жер ресурстарын жана жерге болгон укуктарды башкаруунун натыйжалуулугуна таасир бербей кое алган жок. Ошентип, тарыхый документтердин жана картографиялык материалдардын бирдиктүү уникалдуу архиви ажыратылган, ал мурдагы СССРдин орто азиялык республикаларынын ортосунда чек салуу хронологиясы тууралуу маалыматтарды камтыйт», – деди ал.

Өкмөт башчынын айтымында, ар кыл министрликтердин жана ведомстволордун карамагына берилген түзүмдөр азыркы кезге чейин толук кандуу иштей албай жатышат, анткени бул министрлик жана ведомстволордун милдеттери ушул түзүмдөрдүн ишинин негизги багытына дал келбейт.

«Ошону менен бирге мамлекетте жер ресурстарын жана жерге болгон укуктарды башкаруу саясаты бирдиктүү мамлекеттик башкаруу органына жүктөлүшү керек. Мунун баарын эске алуу менен Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин базасында Өкмөткө караштуу Жер ресуртары боюнча мамлекеттик агенттигин түзүү чечими кабыл алынды», – деп баса белгиледи Абылгазиев.

Белгилей кетсек, 2009-жылдын октябрында мамлекеттик башкаруу органдарын реформалоого чейин жер ресурстарын жана кыймылсыз мүлктү бирдиктүү жана натыйжалуу башкаруу тутуму – Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги иштеген.

Бул мезгилде жер мамилелерин жана жерге орноштуруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо маселелерин жөнгө салуу ыкчам жана сапаттуу чечилип, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу опографиялык-геодезиялык жана жерге орноштуруу иштери өз убагында аткарылып келген. Ошону менен бирге ведомстволор арасындагы кызыкчылыктардын карама-каршылыгы жоюлуп, бул мамлекеттик масштабдагы милдеттерди создуктуруусуз аткарууну шарттаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кыргызстанда уйдун эти кымбаттады
Кыргызстанда уйдун эти кымбаттады
Фермерлерге 5.1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Фермерлерге 5.1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстан-Венгрия: товар жүгүртүү 7 млн долларга бааланды
Кыргызстан-Венгрия: товар жүгүртүү 7 млн долларга бааланды
​Дүйнөгө белгилүү программист Ларри Теслер көз жумду
​Дүйнөгө белгилүү программист Ларри Теслер көз жумду
Төрага Дубай эмиратынын ханзаада мураскери менен жолукту
Төрага Дубай эмиратынын ханзаада мураскери менен жолукту
WSJ журналисттери аккредитациядан ажырады
WSJ журналисттери аккредитациядан ажырады
Германиянын Ханау шаарындагы ок атуудан он бир киши өлдү
Германиянын Ханау шаарындагы ок атуудан он бир киши өлдү
Лимон беттеги кара тактарды кетирет
Лимон беттеги кара тактарды кетирет
​Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты
​Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты
Принц Гарри жана Меган Марклга ханыша тыюу салды
Принц Гарри жана Меган Марклга ханыша тыюу салды
Аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукциялары кармалды
Аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукциялары кармалды
Тажикстанда Кытайдан келген 700 киши  дагы да болсо доктурлардын көзөмөлүндө
Тажикстанда Кытайдан келген 700 киши дагы да болсо доктурлардын көзөмөлүндө
Музей кызматкерлеринин маянасын көтөрүү каралууда
Музей кызматкерлеринин маянасын көтөрүү каралууда
«Ошэлектронун» кызматкерлери 50 миң сом пара менен кармалды
«Ошэлектронун» кызматкерлери 50 миң сом пара менен кармалды
​“Уайлдер-Фьюри” басма сөз жыйынында жакалаша кетти (видео)
​“Уайлдер-Фьюри” басма сөз жыйынында жакалаша кетти (видео)
Франция эми имамдарды кабыл албайт
Франция эми имамдарды кабыл албайт