Жаңы үлгүдөгү техпаспорт колдонууга киргизилди

Жаңы үлгүдөгү техпаспорт колдонууга киргизилди
1-Авг. 2019, Бейшемби, 15:35

Жаңы үлгүдөгү транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк колдонууга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык. 26-июлдан баштап транспорт каражатын каттоо жөнүндө жаңы үлгүдөгү күбөлүк берип баштаган. Жаңы үлгүдөгү күбөлүктүн колдонууга кириши менен мурда берилген күбөлүктөрдү милдеттүү түрдө алмаштыруу талабы коюлбайт.

Киргизилген жаңы үлгүдөгү күбөлүк 26-июлдан тартып катталган жана кайра катталган транспорт каражаттарына берилет, ал эми мурда берилген эски үлгүдөгү күбөлүктөр кийинки кайра каттоого чейин өзүнүн юридикалык күчүн жоготпойт. Ошол эле учурда 10-июндан тартып убактылуу берилген транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктү алмаштыруу керек, алмаштыруу учурунда 192сом төлөнөт, бул жаңы үлгүдөгү күбөлүк баасы.

"Жаңы үлгүдөгү транспорт каражаттарын каттоо жөнүндөгү күбөлүк жакшыртылган дизайн, жыйырмадан ашык күчөтүлгөн коргоо элементтери менен киргизилип, сапатын жогорулатуу жана коргоо элементтерин күчөтүү менен бирге эле жаңы келишимдин негизинде күбөлүктүн баасы улуттук валюта менен бекитилип 192 сомду түздү. Бул мурдагыдан төрт эссе арзан",- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мурдагы түзүлгөн келишим боюнча аталган документтин наркы 10 евро (орточо эсеп менен 800 сом) болуп келген. Киргизилген жаңы үлгүдөгү күбөлүк толугу менен 1968-жылдын 8-ноябрындагы Жол кыймылы жөнүндө Вена Конвенциясынын талаптарына жооп берет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жээнбеков жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташууну сунуштады
Жээнбеков жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташууну сунуштады
Инстаграм үзгүлтүккө учурады
Инстаграм үзгүлтүккө учурады
Сауд Арабия оркестри аткарган Россиянын гимни кызуу талкууга түштү (видео)
Сауд Арабия оркестри аткарган Россиянын гимни кызуу талкууга түштү (видео)
Кыргызстандык окуучулар Иран олимпиадасында медаль жеңип алышты
Кыргызстандык окуучулар Иран олимпиадасында медаль жеңип алышты
ИИМ: Асановдун иши боюнча тергөөгө кысым көрсөтүлгөн жок
ИИМ: Асановдун иши боюнча тергөөгө кысым көрсөтүлгөн жок
Ревматизм оорусунун белгилери
Ревматизм оорусунун белгилери
Чагылгандын катуу соккусунан койлор жан берди (видео)
Чагылгандын катуу соккусунан койлор жан берди (видео)
Батукаев иши: соттук отурумдарга Атамбаев келбей турган болду
Батукаев иши: соттук отурумдарга Атамбаев келбей турган болду
Актан Рыскелдиев “Сүйүнчү” радиосунда эфирге чыгат
Актан Рыскелдиев “Сүйүнчү” радиосунда эфирге чыгат
Россия Баткен облусуна бир мобилдик клиника белекке берди
Россия Баткен облусуна бир мобилдик клиника белекке берди
Келдибеков: Жээнбеков журт атасы экенин көрсөтө алды
Келдибеков: Жээнбеков журт атасы экенин көрсөтө алды
ИИМ: Кызматкерлер массалык түрдө жумуштан кеткен жок
ИИМ: Кызматкерлер массалык түрдө жумуштан кеткен жок
Тамак-аштын көбү ысырап болууда
Тамак-аштын көбү ысырап болууда
Кызсайкал Кабылова менен таанышкан жигит ким?
Кызсайкал Кабылова менен таанышкан жигит ким?
Балдар эмне үчүн жалган сүйлөйт?
Балдар эмне үчүн жалган сүйлөйт?
Асема Токтобекова: Сизди сүйгөн жүрөктү капалантпаңыз!
Асема Токтобекова: Сизди сүйгөн жүрөктү капалантпаңыз!