Абылгазиев Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушту

Абылгазиев Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушту
1-Авг. 2019, Бейшемби, 17:09

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө визит менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу учурунда Өкмөт башчылар эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти, бул албетте, эки жактуу мамилелерди бекемдөөгө таасирин тийгизет.

Арипов белгилегендей, эки мамлекеттин элдерин миңдеген жылдык достук жана коңшулаштык алакалар бириктирип турат.

«Өлкөлөрдүн ортосунда ишенимдүү мамилелерге жетишүүгө Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Президенттери зор салым кошушту. Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу өттү, анын өзөгү – биздин мамилелерибизди коңшулаштык жана достук маанайда мындан ары карай өнүктүрүү болуп саналат», – деп кошумчалады Өзбекстандын Премьер-министри.

Эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулаган тараптар өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына чейин жеткирүүгө бирдей умтулуу билдиришти. Белгиленгендей, бул сумма эки өлкөнүн Президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Шавкат Мирзиеев тарабынан белгиленген.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчылар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, бардык тарапта өз ара аракеттешүүнүн эки тараптуу байланыштарын тереңдетүүнүн келечек жолдорун белгилешти.

Анын ичинде өлкөлөр арасындагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтык, айыл чарба жана энергетика жана башка тармактарда өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кыргызстанда уйдун эти кымбаттады
Кыргызстанда уйдун эти кымбаттады
Фермерлерге 5.1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Фермерлерге 5.1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстан-Венгрия: товар жүгүртүү 7 млн долларга бааланды
Кыргызстан-Венгрия: товар жүгүртүү 7 млн долларга бааланды
​Дүйнөгө белгилүү программист Ларри Теслер көз жумду
​Дүйнөгө белгилүү программист Ларри Теслер көз жумду
Төрага Дубай эмиратынын ханзаада мураскери менен жолукту
Төрага Дубай эмиратынын ханзаада мураскери менен жолукту
WSJ журналисттери аккредитациядан ажырады
WSJ журналисттери аккредитациядан ажырады
Германиянын Ханау шаарындагы ок атуудан он бир киши өлдү
Германиянын Ханау шаарындагы ок атуудан он бир киши өлдү
Лимон беттеги кара тактарды кетирет
Лимон беттеги кара тактарды кетирет
​Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты
​Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты
Принц Гарри жана Меган Марклга ханыша тыюу салды
Принц Гарри жана Меган Марклга ханыша тыюу салды
Аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукциялары кармалды
Аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукциялары кармалды
Тажикстанда Кытайдан келген 700 киши  дагы да болсо доктурлардын көзөмөлүндө
Тажикстанда Кытайдан келген 700 киши дагы да болсо доктурлардын көзөмөлүндө
Музей кызматкерлеринин маянасын көтөрүү каралууда
Музей кызматкерлеринин маянасын көтөрүү каралууда
«Ошэлектронун» кызматкерлери 50 миң сом пара менен кармалды
«Ошэлектронун» кызматкерлери 50 миң сом пара менен кармалды
​“Уайлдер-Фьюри” басма сөз жыйынында жакалаша кетти (видео)
​“Уайлдер-Фьюри” басма сөз жыйынында жакалаша кетти (видео)
Франция эми имамдарды кабыл албайт
Франция эми имамдарды кабыл албайт