Абылгазиев: Кызматташуу жаңы формат алды

Абылгазиев: Кызматташуу жаңы формат алды
2-Авг. 2019, Жума, 09:51

Кыргызстан жана Өзбекстандын чек аралык аймактарынын ортосунда кызматташуу жаңы формат алды. Чектеш облустардын башчыларынын кеңеши түзүлүп, эки мамлекеттин Премьер-министрлеринин патронажы алдында иштеп жатат. Бул тууралуу кечээ, 1-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн кыргыз-өзбек мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн сапаттык жаңы даражасына чыкты.

«2017-жылы Кыргызстандын президенти алгачкы ирет Өзбекстан Республикасына расмий сапар жасаган. Анын жыйынтыгында соода-экономикалык, финансылык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташтык боюнча эки жактуу келишимдердин кеңири пакетине кол коюлган. Мындан тышкары 2018-жылы мамлекет башчылардын деңгээлиндеги диалог көп тараптуу аянтчада уланган. Буга байланыштуу белгилей кетсем, кыргыз тарап Өзбекстандын ррезидентинин Кыргызстанга жооп иретинде сапарын күтөт», – деп баса белгиледи Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы коңшулаштык мамилердин бекем негизи Стратегиялык өнөктөштүк, достукту, коңшулаштыкты жана ишенимди чыңдоо жөнүндө декларация болуп саналат. Ага 2017-жылы 5-октябрда Ташкентте кол коюлган.

«Акыркы жылдары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерде олуттуу өзгөрүүлөр байкалып жатканын белгилеп кетүү маанилүү. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашуу, Чек ара райондорунда ишеним чаралары боюнча келишим, Аскер чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө макулдашуу сыяктуу биздин элдерибиз үчүн маанилүү документтерге кол коюлду. Бул кызматташтыктын жаңы сапаттык деңгээлинин – стратегиялык өнөктөштүктүн далили. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен жемиштүү иштерди өзүнчө белгилеп кетүү керек. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинин калган бөлүгүн чийүүнү аяктоо боюнча эки жактуу диалог уланууда. Бул жакынкы келечекте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын толук юридикалык тариздөө процессин аяктоого шарт түзөт. Жакында тараптар тиешелүү Макулдашууга кол кое алышат деп ишенем», – деп белгиледи Абылгазиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
 Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды