Жээнбеков: "Мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү жогору"

Жээнбеков:
2-Авг. 2019, Жума, 11:45

«Биздин мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү абдан жогору», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта президенттин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында.

Мамлекет башчысынын пикиринде, чет өлкөдөгү мекендештердин укуктарын коргоп, колдоо көрсөтүү, маданий жана тарыхый байланыштарды сактоо, диаспоралардын мүмкүнчүлүктөрүн өлкөнү өнүктүрүү процессине тартуу үчүн Кеңештин негизги максаттары аныкталган.

Алар төмөнкүдөй:

— мамлекеттик органдар жана мекендештердин ортосунда эффективдүү диалог аянтчасын түзүү;

— мекендештердин өлкөгө кайтып келүүсүнө өбөлгө түзүү;

— мекендештерди Кыргызстандын өнүгүү процесстерине тартуу, буга мүмкүнчүлүк берүүчү механизмдерди иштеп чыгуу;

— алдыңкы технологияларды, тажрыйбаны жана билимди трансфер кылууга көмөк көрсөтүү.

"Миграция ар бир үй-бүлөнү камтып, инсандын өсүшүнө, коомдун жана өлкөнүн өнүгүүсүнө таасирин тийгизип жатат. Бул жагдайларды эске алуу менен, өнүгүүнүн так багыттарын аныктоо талап кылынат. Ал үчүн тез аранын ичинде негизги үч милдетти аткарышыбыз зарыл. Биринчиси — мамлекет тарабынан биздин мекендештердин мыйзамдуу түрдө статусун бекитип, аларды таануу. Экинчиси — мекендештерди тартууга багытталган укуктук, социалдык жана экономикалык механизм жана инструменттерди иштеп чыгуу. Үчүнчүсү — мекендештер менен болгон кызматташууну, өз ара алаканы күчөтүү",- дейт Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
 Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды