Президент: "Акыркы он жылда Кыргызстанга эмгек мигранттары 19 млрд. доллар жөнөткөн"

Президент:
2-Авг. 2019, Жума, 11:58

Бүгүн, 2-августта президенттин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында президент Сооронбай Жээнбеков: "Акыркы он жылда Кыргызстанга эмгек мигранттары жана мекендештер тарабынан 19 млрд. АКШ доллардан ашык каражат жөнөтүлгөн", — деп баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошол эле он жылдык мезгилде жалпы өлкөнүн экспортунун көлөмү 18 млрд. АКШ долларын түзгөнүн жана өлкөгө келип түшкөн түз чет элдик инвестициялардын көлөмү болгону 8,3 млрд. АКШ долларын түзгөнүн айтты.

"Сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин кошкон салымы биздин экспорт жана түз инвестициялар тармагынан дагы жогору. Ар бир мигранттын акчалай которуулары курулуш, финансы, тигүү өндүрүшү, транспорт, байланыш, соода жана кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы ж. б. тармактардын өнүгүшүнө түрткү болууда. Сыртта жүргөн мекендештерибизден жана эмгек мигранттарынан келген каражат жумуш орундарын түзүп, жакырчылыкты төмөндөтүүгө жардам берди. Алардын балдарынын билим алуусуна, үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка муктаждыктарына жумшалууда",- деди Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кыргызстанда уйдун эти кымбаттады
Кыргызстанда уйдун эти кымбаттады
Фермерлерге 5.1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Фермерлерге 5.1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстан-Венгрия: товар жүгүртүү 7 млн долларга бааланды
Кыргызстан-Венгрия: товар жүгүртүү 7 млн долларга бааланды
​Дүйнөгө белгилүү программист Ларри Теслер көз жумду
​Дүйнөгө белгилүү программист Ларри Теслер көз жумду
Төрага Дубай эмиратынын ханзаада мураскери менен жолукту
Төрага Дубай эмиратынын ханзаада мураскери менен жолукту
WSJ журналисттери аккредитациядан ажырады
WSJ журналисттери аккредитациядан ажырады
Германиянын Ханау шаарындагы ок атуудан он бир киши өлдү
Германиянын Ханау шаарындагы ок атуудан он бир киши өлдү
Лимон беттеги кара тактарды кетирет
Лимон беттеги кара тактарды кетирет
​Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты
​Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты
Принц Гарри жана Меган Марклга ханыша тыюу салды
Принц Гарри жана Меган Марклга ханыша тыюу салды
Аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукциялары кармалды
Аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукциялары кармалды
Тажикстанда Кытайдан келген 700 киши  дагы да болсо доктурлардын көзөмөлүндө
Тажикстанда Кытайдан келген 700 киши дагы да болсо доктурлардын көзөмөлүндө
Музей кызматкерлеринин маянасын көтөрүү каралууда
Музей кызматкерлеринин маянасын көтөрүү каралууда
«Ошэлектронун» кызматкерлери 50 миң сом пара менен кармалды
«Ошэлектронун» кызматкерлери 50 миң сом пара менен кармалды
​“Уайлдер-Фьюри” басма сөз жыйынында жакалаша кетти (видео)
​“Уайлдер-Фьюри” басма сөз жыйынында жакалаша кетти (видео)
Франция эми имамдарды кабыл албайт
Франция эми имамдарды кабыл албайт