Абылгазиев: "Быйыл ички дүң продукция оң динамика көрсөтүп, 6,4% өстү"

Абылгазиев:
9-Авг. 2019, Жума, 15:58

Бүгүн, 9-августта, Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири курамдагы жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Евразия интеграциясы Кыргызстандын тышкы экономикалык саясатында артыкчылыктуу багыт болуп саналат жана ошол бойдон калат. Кыргызстандын ЕАЭБге киргени олуттуу, анын ичинде соода-экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө оңдуу натыйжалар жетишилгенин белгилей кетүү керек. Бажы, санитардык жана фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу түрүндөгү бизнести өнүктүрүүнү өбөлгөлөө үчүн жаңы шарттар пайда болду. Бажы чек арасы жок шартта товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыймылына өбөлгө түзүлүүдө. Ата мекендик ишкерлер ЕАЭБ жалпы аянтында өнүктүрүү жана активдүү атаандаштык мүмкүнчүлүгүн алышты. ЕАЭБ аянтында кабыл алынган Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл тутумунун эквиваленттүүлүгүн таануу боюнча чечим соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө мүмкүндүк жана кошумча дем берди», – деди Абылгазиев.


«Аралык жыйынтыктарды чыгарып жатып, биздин Биримдик толук кандуу жана ыкчам өнүккөн интеграциялык биримдик катары калыптанды. Евразия экономикалык биримдигинин 5 жылдык ишмердүүлүгүндө катышуучу мамлекеттердин тутумдуу ишинде сезилерлик натыйжалар байкалат. Интеграциянын алгачкы жылдары тараптар аркылуу Биримдиктин экономикалык жана соода потенциалын өнүктүрүү багыты тандалган. Ал эми өткөн жылдарды Биримдиктин эл аралык мейкиндиктеги позицияларын бекемдөөдө алгылыктуу катары мүнөздөөгө болот. Муну Вьетнам менен учурдагы эркин соода аймагы, Иран жана Кытай менен кол коюлган келишимдер жана Сингапур, Индия, Египет, Сербия жана Израиль менен уланып жаткан активдүү сүйлөшүүлөр күбөлөндүрүп турат», – деди Абылгазиев.

Премьер-министр билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 5 айында Кыргызстандын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрү менен соода жүгүртүүсү 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5% өскөн.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында ички дүң продукция оң динамика көрсөтүп, 6,4% өстү. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгында өнөр жайдын 20% өсүүсү байкалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
УКМКнын 9-кызматына башчынын милдетин аткаруучу дайындалды
УКМКнын 9-кызматына башчынын милдетин аткаруучу дайындалды
​Хабиб Фергюсон менен таймашта 10 миллион доллар алат
​Хабиб Фергюсон менен таймашта 10 миллион доллар алат
Ырыскелди Осмонкулов 50 жылдык мааракесине арналган концертин өткөрөт
Ырыскелди Осмонкулов 50 жылдык мааракесине арналган концертин өткөрөт
Ноябрь айында Жогорку Кеңештин айлык маянасы кыскарды
Ноябрь айында Жогорку Кеңештин айлык маянасы кыскарды
Кыргызстанда 11 миң чакан ишкана иштеп жатат
Кыргызстанда 11 миң чакан ишкана иштеп жатат
Лионель Мессинин айкели тургузулат
Лионель Мессинин айкели тургузулат
Кыргызстан Өзбекстанга мал жана картошка экспорттой баштады
Кыргызстан Өзбекстанга мал жана картошка экспорттой баштады
Улуттук банк: 2020-жылдын I жарымында инвестициялык абал туруктуу болот
Улуттук банк: 2020-жылдын I жарымында инвестициялык абал туруктуу болот
Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган
Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган
​Руис – Джошуа: Жылдын реваншы бүгүн өткөрүлөт
​Руис – Джошуа: Жылдын реваншы бүгүн өткөрүлөт
Шатемиров Салык кызматынын орун басары болуп дайындалды
Шатемиров Салык кызматынын орун басары болуп дайындалды
Он айда Кыргызстандын чек арасынан 21.3 млн адам өткөн
Он айда Кыргызстандын чек арасынан 21.3 млн адам өткөн
Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)
Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)
Азия-2020: Футзал боюнча Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
Азия-2020: Футзал боюнча Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
1 миллиард долларлык баңгизат колго түшүрүлдү
1 миллиард долларлык баңгизат колго түшүрүлдү
Президент Абдыганы Эркебаев менен  Бахтияр Салиевди кабыл алды
Президент Абдыганы Эркебаев менен Бахтияр Салиевди кабыл алды