Президент: ЕврАзЭБ күчтүү жана натыйжалуу интеграциялык бирикме болуп калды

Президент: ЕврАзЭБ күчтүү жана натыйжалуу интеграциялык бирикме болуп калды
9-Авг. 2019, Жума, 17:41

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин делегация башчылары менен жолугушту.

«ЕврАзЭБ күчтүү жана натыйжалуу интеграциялык бирикме болуп калды. Товарларды, кызмат көрсөтүүнү, капиталды жана жумушчу күчтү жүгүртүүнүн эркиндигин ишке ашыруу боюнча биргелешкен чаралар көрүлүп жатат. Акырындап өз ара жана тышкы соода-сатыктын көлөмү өсүүдө. Биримдик боюнча ИДПнын өсүшү 2018-жылы жалпысынан 2,5% түздү», — деп белгиледи Жээнбеков.

Ал баса белгилегендей, Биримдиктин эл аралык ишмердиги дүйнөлүк айдыңда кызыгуу жаратты. Соода-экономикалык мамилелер жана кызматташуунун географиялык картасы кеңейүүдө. Кытай жана Иран менен макулдашууларга кол коюлду. Вьетнам менен эркин соода аймагы иштеп жатат. Израиль, Сингапур, Сербия, Индия жана Египет менен активдүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бир катар ири аймактык бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.

«Өз ара соода-сатыктын процедураларын жөнөкөйлөштүрүп жаткан өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүүнү улантуу маанилүү. Ошондой эле аракеттерибизди инфраструктуралык долборлорду ишке ашырууга багытташыбыз керек. Мисалы, Кыргызстан үчүн темир жол транспорту кызыктуу. Бул багыттагы биргелешкен долбоорлор баарыбызга жакшы экономикалык дивиденддерди алып келип, Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнүн биздин интеграциялык бирикмебизге болгон кызыгуусун арттырат», — деп баса белгиледи Жээнбеков.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?