Президенттик аппараттын атынан аткаминерлерге телефон чалып алдаган кылмышкер кармалды

Президенттик аппараттын атынан аткаминерлерге телефон чалып алдаган кылмышкер кармалды
12-Авг. 2019, Дүйшөмбү, 14:03

Түрмөдө жатып президенттик администрациянын атынан Жогорку Кеңештин депутатына, КСДПнын маалымат катчысына жана министрликтерге телефон чалган кылмышкер аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Алдын ала иликтөө жүргүзүү учурунда Жаза аткаруу кызматынын №1 мекемесинде алдамчылык менен соттолуп жазасын өтөп жаткан 32 жаштагы Темир Калмырзаев жана алдамчылык менен соттолгон 37 жаштагы Талгат Игисиновдун телефону алынган.

Алар телефон менен президенттик администрациянын өзгөчө жооптуу жетекчисинин атынан телефон чалып (артисттик өнөрү бар кылмышкер үнүн өзгөртүү менен) коомдо болуп жаткан көрүнүштөргө карата алдамчылык менен ар кандай жалган маалыматтарды тараткандыгы аныкталды.

Темир Калмырзаев депутат Асель Кодурановага телефон чалып, камакта жаткан мурдагы президент Атамбаев менен жолугушууну уюштуруп берүү тууралуу убада берген. Ошондой эле, КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаевага да телефон чалып, 7-8-августтагы окуялар боюнча толук маалымат алып турган. Андан сырткары, ал депутат Гүлкан Молдобековага, Транспорт министрлигинин орун басарына, Бишкек мэриясынын жооптуу жетекчи кызматына, Экономика министрлигине жана башка бир катар мамлекеттик органдарга телефон чалып, «Кандай иштер аткарылат», «кандай иштер пландалууда?» деген суроолорду берип, бардык маалыматтарды алып турган. Учурда аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?