Токмок шаарында темир жол бекетинде поезд токтоп турган вагондорду сүзүп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-августта болжол менен саат 22:00 чамасында Токмок айнек заводунан 18 вагону менен чыккан поезд катуу ылдамдыкта келип Токмок темир жол бекетинде токтоп турган вагондорду сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы эркек киши жабыркап, Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген. Андан сырткары жети вагон темир жол рельсинен чыгып, оодарылып кеткен.