Жээнбеков: "Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы баа жеткис"

Жээнбеков:
13-Авг. 2019, Шейшемби, 17:40

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, мамлекет башчысы Усубалиевдин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө болгон өзгөчө салымын белгиледи.

«Турдакун Усубалиев өлкөнү жетектеген чейрек кылымдын ичинде Кыргызстанда көп өзгөрүүлөр болгон, агрардык өлкөдөн биз индустриалдык өлкөгө айландык. Өзгөрүүлөр экономика, маданият жана жашоонун бардык тармактарында болду. Өлкөдө 100дөн ашуун өнөржай ишканалары ачылган, анын ичинде ГЭСтер, эл аралык "Манас" аэропорту, заводдор, музейлер ж. б. Ошондой эле анын өзгөчө жетишкендиги катары миңдеген сугат жерлерин өздөштүрүүнү атаса болот, ал мелиорация жана ирригацияга чоң көңүл бурган», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Президент 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин 1-чакырылышынын депутаты катары Турдакун Усубалиев жана Абсамат Масалиев менен бирге иштегенин эстеди, жалпысынан парламентарийлер катары бирге 10 жыл иштешкен.

«Алардан көп нерсе үйрөндүм, алар комитеттердин төрагалары болгон, мен төраганын орун басары элем. Кийин Турдакун Усубалиевичтин сунушу менен вице-спикер болгом. Алардын батасын алгам. Дайым эстеп жүрөм, өзгөчө адамдар эле. Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы баа жеткис», — деп белгиледи Мамлекет башчысы жана мааракелик иш-чараларды эң жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Президент Турдакун Усубалиевдин жашоосу жана эмгек жолу ал үчүн жана бардык мамлекеттик кызматкерлер үчүн үлгү экенин билдирди.

«Турдакун Усубалиев өзүнө байлык топтогон жок, болгон күчүн элге жана мамлекетке арнаган. Өмүрүнүн көп бөлүгүн пландык экономика мезгилинде иштегенине карабастан, Турдакун Усубалиев рынок экономикасын эң сонун түшүнчү жана тигил же бул маселелер боюнча өз сунуштарын берип турчу», — деп айтты Жээнбеков.

Эскерте кетсек, белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. Ал 2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан каза болгон.

Ал жетекчи болуп турган учурда Бишкектеги ЭВМ, автомобиль жыйноочу заводдор, Оштогу ХБК, Кара-Балтадагы килем комбинаттары, Канттагы цемент-шифер, Токмоктогу айнек заводдору иштеп баштаган. Бишкектеги "Манас" аэропорту жана Лейлек, Нарын, Каракол аэропорттору пайдаланууга берилген. Ошондой эле Турдакун Усубалиевдин түздөн-түз жетекчилиги менен Ала-Тоо аянты, Ак үй, Ленин атындагы борбордук музей, Ленин атындагы китепкана, Спорт сарайы, Цирк, Филармония, Улуттук тарых музейи, Кыргыз драма театры, "Айчүрөк" борбордук универмагы, "Жеңиш" комплекси, Илимдер академиясынын имараттары жана башка объектилер курулган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Эдвард Сноуден өлкөсүнө кеткиси келди
Эдвард Сноуден өлкөсүнө кеткиси келди
Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды
Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды
​Ысык-Көлдө өзүнүн айылдашын зордуктоого шектелген жигит кармалды
​Ысык-Көлдө өзүнүн айылдашын зордуктоого шектелген жигит кармалды
Адам организминде эң маанилүү орган кайсы деп ойлойсуз?
Адам организминде эң маанилүү орган кайсы деп ойлойсуз?
Баасы 500 миң долларлык ташты мыйзамсыз алып өтмөк болушкан
Баасы 500 миң долларлык ташты мыйзамсыз алып өтмөк болушкан
Бишкекте кийинки жылы жаңы эки парк ачылат (эскиздер)
Бишкекте кийинки жылы жаңы эки парк ачылат (эскиздер)
​“Алтын топ” сыйлыгын реформалоо сунушталды
​“Алтын топ” сыйлыгын реформалоо сунушталды
Салмагы 784,53 килограммдык салат даярдалды
Салмагы 784,53 килограммдык салат даярдалды
Чыпалак Баатыр дүйнөдө жок фотосессия кылды
Чыпалак Баатыр дүйнөдө жок фотосессия кылды
 Товарларды идентификациялоо каражаттары жөнүндө жобо бекитилди
Товарларды идентификациялоо каражаттары жөнүндө жобо бекитилди
​Күйөрмандар хоккейчини катуу сабашты (видео)
​Күйөрмандар хоккейчини катуу сабашты (видео)
Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны башталат
Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны башталат
Баланын дене табы көтөрүлүп, калтырап баштаганда эмне кылуу керек?
Баланын дене табы көтөрүлүп, калтырап баштаганда эмне кылуу керек?
Расул Маматкулов менен Гүлзина Чотоновадан “Кызгалдак” ыры (видео)
Расул Маматкулов менен Гүлзина Чотоновадан “Кызгалдак” ыры (видео)
Баскетбол клубу эн тамгасы менен спорттук хиджаб чыгарды
Баскетбол клубу эн тамгасы менен спорттук хиджаб чыгарды
Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү
Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү